Өкмөт: «Жетим-Тоо кени кытайларга берилип кетти деген кептер калп»

Жетим-Тоо кени боюнча бүгүн өкмөт түшүндүрмө таратты.

“Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени кытайлык компанияга берилип кетти деген жалган маалыматтар тарап жатат. Мындай жоопкерчиликсиз билдирүүлөр коомчулуктун адашуусуна, инвесторлорго карата терс мамилени күчөтөт.

Жетим-Тоо кени мамлекетке таандык жана бир дагы чет элдик компания геологиялык чалгындоо же иштетүү укугуна ээ эмес. Мамлекет аталган кенди өз алдынча иштетүүнү пландаштырууда, ал үчүн өзүнчө мамлекеттик компания түзүлөт. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, кендин Данга тилкесин иштетүүдөн гана жылына 200 миллион доллардан ашуун киреше түшөт”, — деп жазылат өкмөттүн маалыматында.

Жетим-Тоого байланыштуу бүгүн бийлик өкүлү да маалымат жыйын берди. Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин башчысы Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, кен 6 тилкеден турат жана дээрлик 40 чакырымга чейин созулат. “Темирдин көлөмү боюнча аталган кен дүйнөдө экинчи орунда турат. 2010-жылы анын запасы 3,3 миллиард тонна деп бааланган”, — дейт Сагынбаев.