Өкмөт Жетим-Тоого байланыштуу кептер калп дейт

Өкмөт Жетим-Тоо кенин иштетүү лицензиясын сатууга ниети жоктугун дагы бир жолу билдирди. Бул тууралуу бүгүн вице-премьер Максат Мамытканов айтып, кендин инвесторлорго сатылары тууралуу тарап жаткан маалыматтарды төгүнгө чыгарды. “Бизди чыккынчы деп жатышат, мындай сөздү угуу оор болуп жатат. Азыр кенди чоң долбоорго айлантып, кийин ал өлкөнүн экономикасына салым кошот деп пландап жатабыз. Биздин максат – элдин жашоо деңгээлин көтөрүү. Ал эми кендин сырьесу менен Кытайдан алынган карызды төлөө тууралуу сөз – бул бир гана Садыр Жапаровдун жеке пикири”, — деди вице-премьер.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаевдин айтымында, Жетим-Тоону иштетүүгө буга чейин берилген лицензиялар жокко чыгарылган. “Бул кен боюнча талаш маселелер жок, соттук чечим бар, бул кыргыздын улуттук байлыгы. Бүгүн өкмөт кандай иш алып барууну өзү чечет”, — деди ал.