Өкмөт кант кызылчасынын баасын көзөмөлгө алат

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер Артем Новиков «Кайыңды-Кант» кант заводуна барып, өндүрүштүк аянттар жана сырьену андан ары иштетүү үчүн кабыл алуу процесси менен таанышты.

Новиков белгилегендей, өкмөт кайра иштетүүчүлөргө жардам берип келген жана ал ишти улантат. «Түшүм жыйноо учурунда кызылчанын баасын төмөндөтүүгө жол берилбеши кажет. Жалаң гана өкмөт эмес, кайра иштетүүчүлөр да сырье жана иш менен камсыз кылып жаткан фермерлер жана дыйкандар тууралуу ойлошу керек. Биз мындан ары карай дагы сиздердин ишмердүүлүккө толук колдоо көрсөтүүгө ниеттенүүдөбүз. Алсак, кол коюлган буйрукка ылайык, темир жол тарифтеринин коюуму 2016-жылдын деңгээлинде орнотулуп, 20 пайыз өлчөмдө кошумчаланган», — деди ал.

Артем Новиков белгилегендей, өкмөт кант кызылчасы тармагындагы баанын түзүлүшү маселесин көзөмөлгө алат, мында бардык баскычтарда сырьего жана жыйынтык товарга карата негиздүү жана акыйкат баалар орнотулушу керек.

Келерки жылы фермерлер жана ишканалар ортосундагы кант кызылчасын сатып алуу келишими боюнча накталай акча менен төлөө үлүшүн жогорулатуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ошондой эле заводдор тарабынан аларга жогорулатылган коэффициент менен 100 пайыз даяр продукция (кумшекер) аркылуу кайтарып берүү альтернативдик келишими сунушталат. Бүгүнкү күндө келишим боюнча бөлүштүрүү 72\28 түзөт, анын 28 пайызы — бул накталай акча.

Заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу суткасына 4 миң тоннаны түзөт, ал жылына 450 миң тонна кызылчаны кайра иштетип, 65 миң тонна кантты өндүрөт. Кызылчаны кабыл алуу жана сактоо үчүн тийиштүү өндүрүш инфраструктурасы бар, сырье 8 пунктта кабыл алынат. Заводдун жалпы өндүрүштүк аянты 138,5 гектарды түзөт.