Өкмөт коронавирустун үчүнчү толкунуна даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү

Саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасынын көлөмү жана дарыканалардагы баалар тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков республикалык ыкчам штабдын кеңешмесинде билдирди.

«Акыркы күндөрү коронавирус инфекциясы менен ооругандардын динамикасынын начарлашы кооптонууну жаратууда. Ооруга чалдыккандардын саны оорудан сакайгандардын санынан жогору болууда. Бүгүнкү күндө абал туруктуу, бирок биз ар кандай кырдаалга даяр турушубуз керек. Чүй облусунун Кемин жана Ысык-Ата райондорундагы абал кооптонууну пайда кылууда. Аймактардын, саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан жер-жерлердеги эпидемиологиялык абалды көзөмөлдөө күчтөндүрүлүшү керек. Мезгилдүү орун алуучу курч респиратордук вирустук инфекцияларга жана бактериялык пневмонияга өзгөчө көңүл буруу зарыл. Өлкө боюнча саламаттыкты сактоо мекемелериндеги медикаменттердин запасынын көлөмүнө жана дарыканалардагы бааларга үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүлүп, тыкыр көзөмөлдөнүшү зарыл. Ар бир райондогу эпидемиологиялык абал өзгөчө көзөмөлдө болсун. Биз ар бир райондук ооруканадагы абалды контролдоп, оңдоо иштери жыйынтыкталган соң, кошумча инфекциялык бөлүмдөрдү ачабыз»,— деди Артем Новиков.

Ал Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин COVID-19 вирусунун үчүнчү толкунуна даярдык көрүү боюнча планы жер-жерлердеги реалдуу муктаждыктарды чагылдырбай турганын айттыНовиков планды кайрадан иштеп чыгуу керек экенин, анда өлкөнүн ар бир районундагы саламаттыкты сактоо уюмдарында 1-2 күндүн ичинде кошумчаорундарду түзүү, суюк кычкылтек берүү тутумунун даярдыгын, кошумча медициналык кызматкерлерди тартууну, ошондой эле жаңы клиникалык дарылоо протоколуна ылайык, дары-дамектердин тийиштүү запасын камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралуусу зарыл экенин белгиледи.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдагандай, учурда аймактарда кошумчаорундарды түзүүбоюнча иш жүргүзүлүүдө. Биринчи баскычта, планга ылайык, 3500 орун даярдалат, анын 500дөн ашууну интенсивдик терапия палатасында болот. Дагы кошумча 3400гө жакын орун ачылат.

Кеңешменин жүрүшүндө ЖМКдагы Ош облусунда пневмониядан улам жаш балдардын массалык түрдө кайтыш болгондугу тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганы айтылды.

Артем Новиков саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине үч күндүк мөөнөттө пневмониянын коронавирустук жана башка түрүн дифференциалдуу диагностикалоо боюнча клиникалык жетекчиликти иштеп чыгууну тапшырды.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча ведомствого төмөнкү тапшырмалар берилди:

— бир жумалык мөөнөттө Дары-дармек каражаттары жана медициналык жабдуулар менен камсыздандыруу департаменти менен биргеликте фармацевтикалык продукцияларды жеткирүүчүлөр менен дары-дармектерди жана жеке коргонуу каражаттарын коронавирустук инфекцияны диагностикалоо жана дарылоо боюнча 4-клиникалык жетекчиликке ылайык үзгүлтүксүз ташып келүү планын толуктап иштеп чыгуу, мында макулдашылган ташып келүү мөөнөтү бузулган учурда жоопкерчилик аныкталсын;

— коронавирустук инфекция боюнча түзүлүп жаткан эпидемиологиялык абал, ошондой эле башка оуттуу оорулар боюнча көзөмөлдү күчтөндүрүү;

— Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектептерде сасык тумоого жана курч респиратордук вирустук инфекцияларга каршы ыктыярдуу вакцинациялоо боюнча малыматтык кампания жүргүзүү;

— Экономика жана финансы министрлиги менен биргеликте бир жумалык мөөнөттө өлкө аймагындагы коронавирустук инфекциянын үчүнчү толкунунун ыктымалдуу датасы боюнча маалымат киргизүү.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө төмөнкүлөр тапшырылды:

— тийиштүү аймактардагы аптекалык тармактарда дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын запасы боюнча абалды үзгүлтүксүз негизде көзөмөлгө алуу жана андагы бааларга мониторинг жасоо;

— бир жумалык мөөнөттө республиканын мектептеринде жана балдар бакчаларындагы убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин сакталышы тууралуу маалымат берүү.