«Өкмөт менен Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүүсү керек». Бекешев демилгеси тууралуу үн катты

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровду өкмөт менен Жогорку Кеңеш Нобель сыйлыгына көрсөтүүсү керек деп эсептейт. Ал бул пикирин социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

«Кийинки аптада парламенттин жыйынында мен Жогорку аттестациялык комиссияга коронавируска каршы сыйкырдуу кайнатманын ачылышы үчүн эч кандай сынаксыз эле биздин президентке медициналык илимдердин доктору наамын берүүнү сунуш кылам. Ал эми Кыргызпатентке бул дарыны патенттөө процессин баштоо керектигин айтам. Дароо эле бул препаратты «Садырин» деген аталыш менен каттоого алынышын сунуштайм. Парламент өкмөт менен чогуу Садыр Жапаровду Нобель сыйлыгына көрсөтүшү керек», — деп жазды депутат.