“Өкмөт сапаттуу, коомго, мамлекетке пайдалуу демилгелерди көтөрүшү керек да”: Депутат Жанар Акаев өкмөттү сындады

Бүгүн, 24-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин күн тартиби пайдасыз ратификациялардан туруп калганын айтып, Өкмөттү сапаттуу, коомго пайда алып келе турган мыйзамдарды демилгелөөсүн сунуштап, сындады.

«Эртеден бери күн тартибин карап отурабыз. Бардыгы ратификациялар. Өкмөт сапаттуу, коомго, мамлекетке пайдалуу демилгелерди көтөрүшү керек да. Мына, Ашхабадда кол коюлган ратификация дейт. Алар менен кандай кызматташып жатабыз, экспорт кандай болуп жатат? Түркмөнстанда керек болсо элчи жок. Италияда канчалаган мигрантыбыз бар. Ошол жакка элчилик ачууну демилгелебейсиңерби? Венгрия менен да 50 миллион долларлык инвестициялык фонд түзүлүп жатат. Ал жакты да карабайсыңарбы? Күн тартибинде Түркмөнстанда, Малайзияда дейт. Алардан не пайда болуп жатат? Жаңы Өкмөт коомго пайда алып келе турган мыйзамдарды алып келүүсү керек», — деп айтты Акаев өз сөзүндө.