Өкмөттү отставкага кетирүү сунушуна кайсы депутат кандай добуш берди? (сүрөт)

Бүгүн, 10-майда Жогорку Кеңеш Министрлер кабинетин отставкага кетирүү боюнча “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын сунушун четке какты.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин өкмөттү отставкага кетирүү сунушун четке кагуу чечимине 48 депутат «макул», 9 депутат «каршы», 27 депутат добуш берген жок.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, Айгүл Айдарова, Адахан Мадумаров, Арсланбек Малиев, Исхак Масалиев, Нурлан Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Эмил Токтошев, Бактыбек Чойбеков, Алишер Эрбаев каршы добуш берген.

Буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Акылбек Жапаров баштаган Министрлер кабинетин толугу менен кызмат орундарынан бошотууну сунуштаган. Парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын Министрлер кабинетин отставкага кетирүү сунушун карап, четке каккан.