Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бишкек жылуулук электр борборуна барды

Өкмөттүк аппараттын жетекчиси Бактыбек Аманбаев Бишкек жылуулук электр борборунун ишин көрүп чыкты. Октябрь айындагы окуялардан бери аталган борборго бийлик өкүлдөрү бир канча жолу барышканы маалым.

«Электр станциялары» ишканасынын башкы директору Жолдошбек Ачикеевдин маалыматы боюнча, учурда ЖЭБде абал туруктуу, күн сайын график боюнча көмүр түшүрүлүп, мазут ташылып келүүдө. Өкмөттүн токтомуна ылайык, жылытуу мезгилинде жалпысынан 1 миллион 110 миң тонна көмүр сатып алуу тапшырмасы берилген. Бүгүнкү күндө ЖЭБдин аймагында 300 миң тоннага жакын көмүр бар.

Аманбаев белгилегендей, Бишкек ЖЭБи кыш мезгилиндеги катуу суукка максималдуу түрдө даяр болушу керек. «Кандайдыр бир авариялык кырдаалдардын алдын алуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүгө тийиш. Бул жумуштарга толук жоопкерчилик менен мамиле кылуу талап кылынат», — деди Бактыбек Аманбаев.

Бишкек жылуулук электр борбору жалпысынан 129 миң 691 абонентке жылуулук жеткирет. Анын 240ка жакыны социалдык обьект. Бишкек ЖЭБи борбор калааны ысык суу жана жылуулук менен гана камсыздабастан, электр энергиясын да иштеп чыгат.