Өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги чаралар планы бекитилди

Премьер-министр Улукбек Марипов Өкмөтүнүн социалдык стабилдиүүлүктү жана экономикалык туруктуулукту камсыздоо боюнча биринчи кезектеги чаралар планын бекитти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз  кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Биринчи кезектеги чаралар планы Президенттин Жарлыктарын жана Премьер-министр тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталган. Документ 50 иш-чарадан турат жана аны аткаруу мөөнөтү 2021-жылдын 1-июнуна чейин деп көрсөтүлгөн.

Анда төмөнкү багыттар каралган:
— Калк үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, мында негизги басым калкка электрондук форматтагы мамлекеттик кызмат жана тейлөө көрсөтүүнүн санын жана сапатын жогорулатууга жасалган;

— Бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү;

— Пландын айрым багыттары боюнча коомчулуктагы актуалдуу маселелер жана токтоосуз чечимдерди талап кылган чаралар боюнча калк менен кайтарым байланышка багытталган иш-чаралар аныкталган;

— Калкты вакцинациялоо, республиканын мектептеринде жана мектепке чейинки мекемелеринде корновирустук инфекцияга жол бербөө жана анын жайылышынын алдын алуу боюнча профилактикалык чараларды күчтөндүрүү, дары-дармек каражаттарын жана медициналык буюмдарды чыгарууга убактылуу тыюу салуу боюнча маселелерди чечүү;

Буйруктун толук тексти менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга мүмкүн.