Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максүтов өз арызынын негизинде ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аны кызматынан бошотуу боюнча буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.