Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалган Марип Туллаев Бурхановдун айдоочусу беле?

Социалдык тармакта: «Арзыбек Бурхановдун айдоочусу Марип Туллаев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары болуп дайындалды. Анын үстүнө ал соттолгон да экен»,- деген сөздөр тарады. Бул айтылган сөздөрдүн чын-бышыгын билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА агенттиги өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп жаңы дайындалган Өмүрбек Суваналиев менен байланышып көрдү.

Анын айтымында, бул айтылган маалыматтын бардыгы жалган.

“Мага Туллаевдин орун басар болуп келгени тууралуу буйрук бүгүн келди. Ал экөөбүз чогу милицияда иштегенбиз. Бирок мен бул жааттан кеткенден кийин байланышкан эмеспиз. Кайра тааныштым. Өзү офицер, Баткендин тургуну. Менимче соттолгон эмес. Бул кызматка келерде анын бардыгын текшерип чыгышты деп ойлойм. Өзү органдарда иштеп жүрсө, кантип айдоочу болуп иштесин. Менин оюмча бул жалган маалымат. 2 күн болду, иштеп жатабыз. Жеке мен Туллаевди жакшы жактарынан гана билем. Кыскасы, экөөбүз тил табышып иштеп жатабыз”,— деди ал.