Өкмөттүн жаңы курамынын алдын ала жарыяланган тизмеси

Кечээ, 1-февралда өкмөттүн жаңы болжолдуу курамы жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланды. Алдын ала маалыматка ылайык, өкмөттө бир гана вице-премьер калды. Ал Артём Новиков. Мурдагы өкмөттүн төрт орун басарлыгы жоюлган. Мындан тышкары, айрым министрликтер бириктирилген.

Жаңы өкмөттүн болжолдуу курамы:

Биринчи вице-премьер — Артем Новиков;

Тышкы иштер министри — Руслан Казакбаев;

Коргоо министри — Таалайбек Өмүралиев;

Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри — Аскар Жаныбеков;

Энергетика жана өнөр жай министри — Кубанычбек Турдубаев;

Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;

Юстиция министри — Асел Чыныбаева;

Маданият министри — Кайрат Иманалиев;

Экономика жана финансы министри — Улукбек Карымшаков;

Билим берүү жана илим министри — Алмазбек Бейшеналиев;

Саламаттыкты сактоо министри — Алымкадыр Бейшеналиев;

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев.

Кечээ, 1-февралда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрлик кызматка Улукбек Мариповдун талапкерлигин колдогон. Ал эми бүгүн, 2-февралда тармактык комитет карайт. Андан кийин өкмөттүн түзүмү менен курамы парламенттин жалпы жыйынында талкууланат.