Октябрь айындагы окуялардан соң ишин токтоткон Бозымчак кени кайрадан ишин жандантты

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Жалал-Абад облусундагы иш сапарынын алкагында ушул жылдын 5-6-октябрындагы окуялардан кийин кечээ, 26-декабрда ишин жанданткан «KAZ Minerals Бозымчак» кенинде болду.

Новиковдун айтымында, ишкананын иштебей токтоп калуусунан улам бардык жагынан жоготуу болду, бюджетке салык төгүлбөй, 1000ге жакын адам жумушсуз калган.

Ошол эле учурда Артем Новиков «KAZ Minerals Бозымчак» кенинин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнө жеке жоопкерчиликти жүктөп, маалыматтык-түшүндүрүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү керектигин белгиледи.

«Ишкананын республиканын экономикасына кошкон салымы чоң, биз анын айрыкча ковидден кийинки мезгилде токтоп калышына жол бере албайбыз. Эл жумуш орундары менен камсыз болушу зарыл. Өкмөт жергиликтүү калктын дагы, компаниянын дагы кызыкчылыгын бирдей коргойт», — деди премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

5-6-октябрь күндөрүндө орун алган окуяларда 8 кен иштеткен компания ар кандай себептерден улам ишин токтоткону маалым. Жогорудагы Бозымчак кенин иштеткен компания коопсуздуктан улам ишин токтоткон.