Октябрь митингдерине катышкан рэпер Тата Улан президенттен белек алды

Рэпер Тата Улан президенттен белекке саат алды. Бул тууралуу өзү соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

«Атамбаевди сындасам 10 жылдык сүргүнгө сүрдү эле, Садыр аба чын эле айкөл адам экен. Сындасам саат берди! Эми ыраазымын, Садыр аба! Мени аянтка чакырбагандар эми чакырып, көргөзүп тургула 10 жылдык сүргүндөн амнистияга чыктым!», — деп жазды ал.

Белгилей кетсек, Тата Улан октябрь митингдеринде Садыр Жапаровду колдогондордун катарында эле.