«Октябрь окуялары боюнча Жапаров менен Ташиев да суралышы керек». Молдокматов ИИМге сурак берип чыкты (видео)

«Замандаш» партиясынын экс-лидери, «Ханституцияга каршы» борборунун демилгечиси, саясатчы Жеңиш Молдокматов ИИМге сурак берип чыкты. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине төмөнкүлөрдү айтып берди.

«Суракка саат 10:00дө кирип, 13:30да чыктым. Мени 5-9-октябрдагы баш аламандыктарга байланыштуу суракка чакырышкан экен. Мен силер аркылуу расмий билдирүү тараткым келип жатат. Октябрдагы окуялар боюнча биринчи кезекте 2 киши суралышы керек. Алар — Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев. 

Мындан тышкары, октябрь окуяларына мамлекет тарабынан расмий макам берилиши керек. Мамлекеттик комиссия түзүлүшү керек. Мына бүгүнкүгө чейин ушул негизги күнөөкөрлөр суракка чакырылган жок. Аларга карата кылмыш иши козголгон жок. Кашкар Жунушалиев менен Орозбек Опумбаев жана башка тараптарга иш козголушу керек эле», — дейт ал.

Жеңиш Молдокматов жаңы Баш мыйзамга каршы митингдерди уюштуруп келген. Ал президент Садыр Жапаровду, төрага Талант Мамытовду сотко берүүгө камданып жаткан. Анын санаалаштарынын бири Тилекмат Кудайбергеновду 15-мартта милиция кызматкерлери кармап кетишкен эле. Кийин ал соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. Кийинчерээк анын иши тергөөдөн кийин сотко өткөндүгү маалым болду.