Октябрь окуяларынан зыян тартуу 2 миллиард сомго жетти

5-октябрдан кийинки окуялардан зыян тартуунун көлөмү дээрлик 2 миллиард сомду түздү. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев айтты.

Андан ары вице-премьер Равшан Сабиров сөз улап, өкмөттүн мүчөлөрү инвесторлор жана кенди иштетүүчүлөр менен бир канча жолу жолугушуу өткөргөнүн билдирди. “Бир эле Бозымчак кени боюнча алалы, алар 9 айда салык иретинде  9 миллиард сомдон ашуун каражат төлөшкөн. Ал эми акыркы 2 айда иштебегени үчүн эч кандай каражат которушкан жок, болгону 6 миллион сом төлөштү. Жалпы ал окуялардан кийин инвесторлордон 300 миллион сомдой салык түшпөй калды. Бул каражат – пенсия, жөлөк пул, врачтар менен мугалимдердин айлыгы. Күч органдары жергиликтүү калк менен иштешпей, бетинен бери тааныса да, чагымчылдарды кармабай жатышат” деди Сабиров.

Буга карата Аширходжаев 5-октябрдан бери кендер боюнча 46 иш козголгонун, 29у боюнча сотко чейинки өндүрүш башталганын айтты. Анын сөзүн башкы прокурор Курманкул Зулушев бөлүп, конкреттүү иш боюнча жооп берүүсүн сурады. ИИМ башчысынын орун басарынын айтымында, Бозымчак кени боюнча бир адамга издөө жарыяланган. “Инвесторлорду коргоо керек” деген Зулушев орун басары кендер боюнча бардык иштерди көзөмөлгө алуусун талап кылды.