21-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарынын жогорку деңгээлдеги жумалыгы ачылат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, күндүн биринчи жарымында президент Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулукка видео кайрылуу жасайт.
«Тышкы иштер министрлигинин башчысы Руслан Казакбаев деңизге чыгууга мүмкүнчүлүгү жок өлкөлөр тобунун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусуна, 2021-жылдагы Ядролук сыноолорго толук тыюу салуу келишиминин күчүнө кирүүсүнө көмөктөшүү конференциясына, энергетика боюнча диалогго, Өзөктүк куралды толугу менен жок кылуунун эл аралык күнүнө карата жолугушуу жана эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү максатында БУУнун жетекчилиги жана анын чет элдик кесиптештери менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт», — деп айтылат маалыматта.