Өлкө башчыларга түз эфирде коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү сунушталды

Өлкөгө коронавируска каршы вакцина келсе, үлгү катары президент, спикер, премьер-министр, саламаттыкты сактоо министри түз эфирде эмдөөдөн өтүшү керек. Бул тууралуу бүгүн, 21-январда депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда коомчулукта вакцина боюнча талаш-тартыштыктар жаралып жатат.

“Бизге кандай вакцина керек деп, коомчулук талашып-тартышып жатышат. Өкмөт муздаткычтар жок деп, американын бекер вакцинасынан баш тартты. Ошол эле кезде Россиянын вакцинасы келе жатат. Өлкөгө вакцина келсе, үлгү катары президент, спикер, премьер-министр, саламаттыкты сактоо министри түз эфирде эмдөөдөн өтүшү керек. Ошондо гана эл ишене баштайт”, — деди депутат.