«Тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүүдө. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып билдирди.
Жалпы аскердик-саясий туруксуздук, согуш аракеттеринин очоктору, жер шарынын ар кайсы аймактарында улам бир жаңы куралдуу кагылыштардын келип чыгышы элестете алгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Санкциялык саясаттан улам соодага жана башка нерселерге чектөөлөрдүн күчөшү дагы глобалдык деңгээлде карама-каршылыктардын курчушуна жана абалдын туруксуздашуусуна алып келе турган факторлордун бири болуп калды. Өлкөлөрүбүздүн отун-энергетикалык импортко көз карандылык шарттарында аймактагы чуу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу региондогу туруктуулукка терс таасир тийгизүүчү факторлордун бири болуп калды. Мен белгилеп өткөн жана көптөгөн башка коркунучтар бизге жыл сайын, ай сайын, керек болсо күн сайын чакырык таштап, биздин мамлекетибиздин бекемдигин текшерип жатат.