Өлкө башчысы: «Азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүүдө»

«Тилекке каршы, азыркы учурда дүйнө жүзүндө кыйын кырдаал түзүлүүдө. Ал региондук эле эмес, глобалдык деңгээлде да тез өзгөрүп, аскердик-саясий аракеттер менен коштолууда». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын ачып жатып билдирди.

«Мунун баары аскердик жана мамлекеттик башкаруу системасын бекемдөө зарылдыгын эскертип, аскердик коопсуздук коркунучтар артып баратканынан кабар берет. Ага ылайык аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыз кылууга мамлекеттик көз карашты кайра карап чыгууну талап кылууда.

Жалпы аскердик-саясий туруксуздук, согуш аракеттеринин очоктору, жер шарынын ар кайсы аймактарында улам бир жаңы куралдуу кагылыштардын келип чыгышы элестете алгыс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.

Санкциялык саясаттан улам соодага жана башка нерселерге чектөөлөрдүн күчөшү дагы глобалдык деңгээлде карама-каршылыктардын курчушуна жана абалдын туруксуздашуусуна алып келе турган факторлордун бири болуп калды. Өлкөлөрүбүздүн отун-энергетикалык импортко көз карандылык шарттарында аймактагы чуу-энергетикалык көйгөйлөрдүн курчушу региондогу туруктуулукка терс таасир тийгизүүчү факторлордун бири болуп калды. Мен белгилеп өткөн жана көптөгөн башка коркунучтар бизге жыл сайын, ай сайын, керек болсо күн сайын чакырык таштап, биздин мамлекетибиздин бекемдигин текшерип жатат.

Мен өлкөбүздүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу комплекстүү түрдө гана жүргүзүлүшү керек деп жөн жерден баса белгилеп айткан жокмун. Мамлекетибиздин коопсуздугун ушундай ыкмалар менен гана чек ара чыр-чатактарынан, ниети түз эмес мамлекеттердин куралдуу агрессиясынан жана башка коркунучтардан натыйжалуу камсыз кылууга, ошондой эле жергебизди ар кандай террористтик жана экстремисттик-бандалык түзүлүштөрдүн басып кирип келүүсүнөн коргоого боло турганын практика көрсөтүп турат.Ушул максаттарда, менин тапшырмама ылайык, Коргоо министрлиги Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен биргеликте жаңы Аскердик доктринанын долбоорун иштеп чыккан”, — деди ал.