«Эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүрөт. Жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, соцтармактарга таратышууда. Чындыгында биз — маалыматтык саясат кызматы деле билген эмеспиз. Учурдан пайдаланып айтып коюну туура көрдүм. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, соцтармактагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар. Керек учурда өзү күтүүсүз келип калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет», — деп жазылат президенттин маалымат кызматынын башчысынын билдирүүсүндө.
Тармактык комитет эгин талааларына зыян келтирген мал ээлеринин жоопкерчилигин күчөткөн мыйзам долбоорун четке какты
Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында «Эгинди тебелегендиги үчүн айыл чарба жаныбарларынын...









