Өлкө башчысы: «Мага айрым саясатчылардын эмне дегени кызык эмес»

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги маегин берип, анда Ош облусунда орун алган селден каза болгон жарандардын жакындарына көңүл айтып, селдин алдын алууга карата жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтып берди. Өлкө башчысы мындан тышкары, маегинде көрүстөндөр жана ага байланыштуу көйгөйлөргө токтолду.

— Соцтармактагы комментарийлерге караганда демилгеңизди көпчүлүк дароо колдоого алышты. Анткен менен, башкасы бүтүп, эми көрүстөндөр калдыбы, салтыбызга каршы болот, арбакты ыраазы кылыш керек деген айрым саясатчылар болду. Буга кандай комментарий бересиз?

— Биздин өлкөдө саясатчылар эки түргө бөлүнөбүз. Биринчиси популист саясатчылар. Алар шайлоодон шайлоого чейин гана жашайт. Резонанс маселе боло калса, куру кыйкырык салып, элге күйгөн киши болуп сындап чыга калышат. “Эл көрсүн” болушат. Элге жакшы көрүнүп калыш керек да. Анткени кийинки шайлоодо “эсиңердеби мен минтип каршы чыккам, минтип сүйлөгөм, баланча маселеге каршы добуш бергем” деш керек да.

Экинчиси мамлекетчил саясатчылар. Алар чечим канчалык оор болбосун, электораты канчалык каршы чыкпасын мамлекеттин келечеги үчүн чечилип жаткан маселе болсо, эч нерсеге карабастан кабыл алып кете берет. Биз саясатчылардын ушул түрүнө киребиз. Мамлекеттин, келечек муундун кызыкчылыгы үчүн керекпи, тиешелүү чечим кабыл алып, ишти алдыга жылдырып кете беребиз. Бааны тарых өзү берет.

Ошол үчүн “кокуй, сынчы-саясатчылар эмне дейт” деп кылчактап олтурбай, чечкиндүү түрдө жалпы кыргызстандыктарга “көрүстөндөргө темир-таштардан эстелик тургузууну токтотолу” деп кайрылып жатам. Мага айрым саясатчылардын эмне дегени кызык эмес. Менин пикирим ушундай.

Ал эми маркумдарды ыраазы кылыш үчүн үйдө олтуруп эле, же алыста жүрсөң деле күнүгө арбактарга багыштап куран оку, ошол жетиштүү. Мына ошондо арбактар ыраазы болот. Темирден койгон эстелик, же эки кабаттуу асман тиреген күмбөз, бул биздин салтта жок.

Кээ бир жарандарыбыз “Биз эстелик тургузбай койсок, айылдаштарыбыз эмне дешет? Ата-энесине эстелик тургуза албай койду деп кеп кылышат да” дейт. Кеп кылса, “президент деле эстелик тургузган эмес, эмне болуптур” деп менин жогоруда айтканымды мисал кылгыла.

Мен күнүгө эртең менен жалпы арбактарга багыштап куран окуп турам. Ошол жетиштүү. Багыштап куран окуу арбактар үчүн эстеликтен миллион эсе пайдалуу жана сооптуу.