Өлкө башчысы: «Май айынан электр энергиясынын тарифин 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз»

Президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына энергетикалык тармак боюнча маалымат берүүнү туура көргөнүн жазды.

«Эскилиги жетип, жүрбөй калган машинаны капиталдык оңдоодон өткөрүп алгандай эле, өкмөт электр жабдуулардын эскилиги жеткендигине карабастан, кесипкөй адистерибиздин күчү менен кышка жакшы даярдык көрүп алганбыз. Кудай буюрса, кыштан жакшы эле чыгабыз. Анча-мынча ыңгайсыздыктарды жараткан болсок, жалпы элден кечирим сурайбыз.

Бирок жылдан-жылга энергетикалык системабыз оңолуу жолуна бара жатат. Ал үчүн бардык күч аракеттерди жумшап жатабыз.

Сөзүмдүн акырында элге кайрылаарым, жогорудагылардын баарын эске алуу менен, ушул жылдын май айынан баштап, электр энергиясына болгон тарифти 77 тыйындан 1 сомго көтөрөбүз. Антпесек энергетика тармагыбызды биротоло жоготуп алуу коркунучу бар. Себеби бүгүнкү күндө өзүбүздөн өндүрүлгөн электр энергиянын өздүк наркы Токтогулда чыккан жерден 21 тыйын болгону менен, энергетиктердин эмгек акысы, эскилиги жеткен трансформаторлорду, зымдарды, мамычаларды алмаштыруулар кошулуп олтуруп 1 кВт/саат электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт», — деп жазды ал.