Өлкө башчысы: «Мамлекеттик тилге иш жүзүндө көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык!»

«Мамлекеттик тилге иш жүзүндө көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык!». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында билдирди.

Өз сөзүндө мамлекет башчысы төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Мамлекеттин туруктуу өнүгүшү, улуттун улут болуп сакталып калышы үчүн мамлекеттик тилдин өзгөчө орунду ээлери курулай сөз жүзүндө калып, кагаз бетиндеги макала-баяндамаларда эле айтылып, иш жүзүндө ага көңүл бурулбай келе жаткандыгы ачуу чындык! Бул багытта чечилбеген маселелер абдан көп.

2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш-кагаздарын жүгүртүү боюнча Infodocs системасы аркылуу айрым министрликтердин жана ведомстволордун статистикалык көрсөткүчтөрү мени канааттандырган жок. Мисалы:

−             Экономика жана коммерция министрлиги — 13 эле пайыз.

−             Санариптик өнүгүү министрлиги — 12 пайыз.

−             Юстиция министрлигинде — 13 пайыз.

−             Энергетика министрлигинде — 17 пайыз.

Бул көрсөткүчтөр 50 пайыздан кем болбош керек!».