Өлкө башчысы «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө тыюу салынбай турганын айтты

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Өлбөс полк» жөө жүрүшүнө тыюу салынбай турганын айтты. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жарыялады.

«Тарыхын билбеген элдин келечеги жок» деген накыл сөз бар. Анын сыңарындай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек. Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайткан эмес.

Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май — Жеңиш күнүн майрамдашат. «Өлбөс полк» аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам», — деп жазды президент.