Өлкө башчысы Садыр Жапаров Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди.
Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.
Ошондой эле, Министрлер кабинетинин жана президенттин администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.