Өлкөдө паранжа кийгендерге, сакал коюуга айып салуу каралып жатат. Мыйзам коомдук талкууга коюлду

Депутат Шарапаткан Мажитова Кыргызстанда бетти жапкан кийимдерди кийүүгө жана көлөмдүү сакал коюуга тыюу салууну сунуштоодо. Мыйзам бузуулар жөнүндө кодекске тиешелүү өзгөртүүлөр коомдук талкууга чыгарылды.

Маалыматка караганда, сунуш инсанды идентификациялоо мүмкүндүгүн камсыз кылуу максатында мыйзамдарга коомдук жайларда жарандардын кийимин жана сырткы көрүнүшүн жөнгө салууга багытталган өзгөртүүлөрдү киргизүү менен байланышкан. «Мындай мыйзамдар адам укуктарынын негизги принциптерин, анын ичинде инсандын жеке жашоого жана эркиндикке болгон укугун сыйлоого тийиш экенин эске алуу маанилүү», — деп айтылат маалыматта.

«Кыргыз Республикасынын жарандарын биометрикалык каттоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамы жарандарды идентификациялоону камсыз кылуу жана коопсуздукту сактоо максатында жарандардын биометрикалык маалыматтарын жана жеке маалыматтарын чогултуу, иштеп чыгуу, сактоо жана пайдалануу боюнча ченемдерди жана эрежелерди белгилейт. Бул мыйзамдын 5-беренесине ылайык төмөнкү биометрикалык маалыматтар милдеттүү түрдө чогултууга, иштеп чыгууга, сактоого жана пайдаланууга жатат:
• Беттин санариптик графикалык сүрөтү;
• Эки колдун манжаларынын папиллярдык чиймелеринин графикалык
түзүлүшү;
• Өздүк кол тамга.

Бул биометрикалык параметрлер ар кандай мамлекеттик жана коомдук функцияларды аткарууда жарандарды натыйжалуу идентификациялоого жана коопсуздукту камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Идентификациялоонун бул тутумунун маанилүү элементи болуп беттин санариптик графикалык сүрөтү саналат, ал жарандарды ишенимдүүрөөк идентификациялоого жана коопсуздукту сактоого мүмкүндүк берет. Мыйзамда биометрикалык маалыматтардан тышкары милдеттүү чогултулууга тийиш болгон жеке маалыматтар, анын ичинде жеке идентификациялык номери, аты-жөнү, улуту, паспортунун сериясы жана
номери, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, жынысы жана туулган күнү, айы, жылы белгиленет.

Бул маалыматтар жарандарды идентификациялоо жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн да маанилүү болуп саналат. Биометрикалык жана жеке маалыматтарды чогултуунун жана иштеп
чыгуунун жалпы тутуму мамлекеттик жана коомдук операцияларды андан да ишенимдүү жана коопсуз жүргүзүүнү камсыз кылат, ошондой эле жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону күчөтөт. Ошондой эле, мыйзам долбоорунда талаптарды бузгандыгы үчүн айып пулдардын өлчөмүн көбөйтүү сунушталууда.