Өлкөдө район акимдерин аттестациялоо тарыхта биринчи жолу өткөрүлдү

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов президенттин «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» жарлыгын ишке ашыруу алкагында дайындалган, ошондой эле ротациядан өткөн райондук мамлекеттик администрация башчылары – акимдери менен жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттөн маалымдашты.

Министрлер кабинетинин башчысы эскерткендей, жогорудагы жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгү учурунда алгач ирет район акимдерин жана алардын орун басарларын аттестациялоо (ишин баалоо) өткөрүлдү. Улукбек Марипов белгилегендей, район акимдерин аттестациялоодон өткөрүү жана ротациялоо – мезгил талабы. Кадрларды мындай тандоо тажрыйбасы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кадрларды тандоо тутумун жана тажрыйбасын олуттуу жакшыртуу үчүн шарттарды түзөт жана калк менен жеринде иш алып баруу ыкмаларына ээ болгон натыйжалуу башкаруучулар курамын уюштурууга өбөлгө түзөт.

«Өлкөдөгү калктын 2/3 бөлүгү айыл жергесинде жашагандыгын эске алуу менен бул абдан маанилүү. Аймактардын жетекчилерин ротациялоо кадрлардын күчтүү резервин уюштуруунун аспабы болуп, келечекте алардын катарынан республикалык масштабдагы жетекчилер дайындалаарына ишеним билдирем», — деди Министрлер Кабинетинин башчысы.