Өлкөдөн чыгып кеткени айтылган Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов жыйынга келди

Бүгүн, 13-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынына өлкөдөн чыгып кеткени айтылган Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазов жыйынга келди.

Буга чейин СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Жогорку Кеңештин маалымат кызматына байланышканыбызда, Айбек Осмонов менен Шайлообек Атазовдон акча төлөнбөгөн эмгек өргүүгө чыгуу боюнча арыз түшкөнүн билдиришкен.