Өлкөгө Корея парламентинин төрагасы келди (сүрөт)

Бүгүн, 3-апрелде Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бйоң Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааыламатка ылайык, Кореядан келген конокту Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алды.

Анын 3-5-апрель күндөрү боло турган расмий сапарынын алкагында бир катар жолугушуулар өтөт. Ошондой эле меймандар Ысык-Көл облусуна да барып, аймактын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен да таанышышат.