«Өлкөнү 20 маймыл башкарып жаткандай…» Дебаттардагы кызыктар

Кечээ, 28-декабрда Коомдук телерадиоберүү корпорациясында президенттикке талапкерлердин алгачкы теледебаты өттү. Ага Адахан Мадумаров, Аймен Касенов, Бактыбек Калмаматов, Канатбек Исаев, Каныбек Иманалиев жана Клара Сооронкулова катышты.

Дебаттын жүрүшүндө Каныбек Иманалиев “Президенттин милдетин аткаруу учурунда сотторду шайлоого укугу бар беле, анын кесепети кандай болот?” деген суроо узатты. Ага Бактыбек Калмаматов: “Бир адамдын айынан шайлоо абсолюттук түрдө легитимсиз болуп калды, ал адамдын шайлоодон утуп чыгышы мамлекетти туңгуюкка алып барат, дүйнө өлкө менен эсептешпей калат, аны жашырбай эле коюу керек”, — деп жооп берди. Калмаматовдун айтымында, токойдон 20 маймыл качып чыгып, өлкөнү ошолор башкарып жаткандай туюлуп жатат. Жогорку Соттун төрайымы Гүлбара Калиевага ачылган кылмыш ишин экс-депутат кысым катары баалап, Камчыбек Ташиевдин УКМКнын төрагасы болуп дайындалганын мыйзамсыз деп билдирди.

Клара Сооронкулова катардагы жарандар адилеттүү чечимди жылдап күтсө, учурда өлкөнү башкарып жаткандар сот тарабынан беш мүнөт ичинде акталганын айтты. Канатбек Исаев президенттин милдетин аткаруудан эмне үчүн баш тартканына токтолуп, ал бул кызматты аркалаган учурда президенттикке талапкер боло албай калары менен түшүндүрдү. Ал дагы 5-6-октябрь окуяларында коркутуп-үркүтүүлөргө кабылганын, үйүңө келип, өрттөп кетебиз деген сөздөрдү укканын, бирок алардын эч бири жоопкерчиликке тартыла электигин айтты.