“Өлкөнүн тарыхындагы эң таза шайлоо болот” дейт вице-премьер

Вице-премьер Максат Мамытканов 10-январга белгиленген шайлоону уюштуруу боюнча республикалык штабдын кеңешмесин өткөрдү. «Учурда бардык шайлоо участокторунун даярдыгы текшерилүүдө, алар иш алып барууга даяр. Өкмөт шайлоону жогорку уюшкандыкта өткөрүү үчүн бардык күч-аракетти багыттагандыгын ишенимдүү түрдө айта алам», — деди Мамытканов.

Андан соң Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана мамлекеттик орган жетекчилеринин маалыматы угулду. Өз кезегинде вице-премьер белгилегендей, шайлоону уюштурууда мамлекеттик орган жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлгөн. «Жарандардын шайлоо укугун ишке ашыруусу үчүн бардык шарттар түзүлдү. Бул биздин өлкөнүн тарыхындагы эң таза жана ачык-айкын шайлоо болот», — деп жыйынтыктады Максат Мамытканов.