Омар Султанов Кыргызстандын Швейцариядагы элчиси болуп дайындалды

Женева шаарындагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Султанов Омар Абдыразакович Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.