Өмүрбек Суваналиев эми Баткендин башчысы эмес. Өзү кеттиби же айдалдыбы?

Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кетти. Бул маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өзү тастыктады. Ал бул кызматтан кетишин башка кызматка барары менен түшүндүрдү.

«Азырынча жаңы кызмат тууралуу айтыш эрте. Бирок өзүңөр билгендей жаңы Конституцияга президент кол койсо, өкмөт мүчөлөрүнүн бардыгы отставкага кетет», — деди ал.

Суваналиев «Азаттыкка» бул чечим Бишкектен кабыл алынганын айткан. «Башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу деп чечим чыгарышыптыр. Макул дедим. Мен бүгүн эле уктум», — деген ал.