Текебаев Ташиевдин чек ара маселесин чечүү аракетин мактады

Өзбекстан менен Тажикстан чек аранын айрым тилкелерин делимитациялоо боюнча мурда кол коюлган протоколдорду аткаруудан бир эмес, бир нече жолу баш тарткан. Бул тууралуу «Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин отурумунда экс-депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

Ал Орто Азияда чек ара маселесин тез арада чечүүнү суу ресурстарынын жетишсиздиги, калктын жыш жайгашуусу жана аймактагы жумушсуздук оорлотуп жатканын белгиледи.

«Чек ара маселеси татаал, кыйын маселе. Бангладештен кийин эле эң калкы жыш жайгашкан жер бул Фергана өрөөнү, демография күчтүү, жумушсуздук деген бар. Ошондуктан ар бир кичинекей жер чоң талаш болот. Мындан улам биз ынтымак, акылдуулук менен сүйлөшүү жолуна барышыбыз керек. Бирок бизге бирөөнүкүнүн кереги жок, ал эми өзүбүздүкүн бербейбиз деген принцип болуш керек. Бул план атадан балага калды дегендей, саясатчылардын муунунан муунуна эне сүтү менен балага бериле тургандай билим болуш керек. Биздин планыбыз жүздөгөн жылдар болуш керек», — деди саясатчы.

Ал УКМК төрагасы чек арага чектеш аймактарга чыгып, өкмөт аралык келишимдерди эл менен ачык талкуулап жатканын колдоду.

«Мына азыр көпчүлүк, өзгөчө социалдык тармактарда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевди сындап жатышат. Албетте, алардыкын биз айткан концепция боюнча караганда чоң жаңылыштык, ката деп эсептейм. Ал эми жаңылыштык, ката деген сөз алардын ниети туура жана таза болгон дегенди түшүндүрөт. Алардын кыргыз элинин жашоосун жеңилдетели деген жакшы ою болгон, маселенин мынчалык татаал, чиеленишкенин аңдай беришкен эмес. Протоколдор көп түзүлгөн, көп жолу коңшу өлкөлөр ал протоколдордон баш тарткан. Ал эми биринчи жолу биз дагы баш тартып жатабыз, жөн бербестен эл менен кеңешип ачык берип жатабыз.

Президент эл менен чечебиз деп жатат, Камчы барып өз жаңылыштыгын моюнуна алды. Көгөрүп эле меники туура дегенге караганда катасын моюнуна алуу да эң чоң эрдик. Туура, чек ара маселеси көп учурда эле ачыкка чыкпастан купуя чечилет. Эгер купуя болгондо кетип кала бермек экен. Дагы жакшы Камчынын мүнөзү дардаңбай, баарын айтты, учурунда токтотуп калды. Жакшы иш болду. Ошон үчүн бул маселеде биз ынтымактуу болушубуз керек», — деди Текебаев.