Кумтөр долбоору боюнча кармалган Өмүрбек Бабановдун ден-соолугунун начарлашына байланыштуу анын баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мурда маалымдалгандай, «Кумтөр» алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду жүзөгө ашыруунун ар кандай этаптарындагы коррупция боюнча кылмыш ишин тергөө учурунда, экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов кылмышка шектүү экендиги маалымдалып, камакка алынган.
«Бирок Өмүрбек Бабановго карата камакта кармоо мөөнөтүн узартууну кароодо, Бабановдун ден-соолугунун начарлап кеткендигин жана республикадан тышкары жактан медициналык мекемелерде дарылоону талап кылган оорулардын бар экендигин көрсөткөн медициналык документтер алынды. 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, чет өлкөдө квалификациялуу медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында ал камактан бошотулду«,- деп айтылат маалыматта.
Маалыматка караганда, анын шектүү деп эсептелген «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин тергөө иштери улантылып, бардык кылмышкерлерди аныктоого жана жоопко тартууга багытталган чаралар көрүлүүдө.