Өмүрбек Бабановдун УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан ооруканага которулганы айтылууда

Өмүрбек Бабанов УКМКнын убактылуу кармоочу жайынан ооруканага которулду. Бул тууралуу Кактус жазып чыкты.

Маалыматка караганда, ал «Бикард» жеке клиникасына эмес «Авиценнага» которулган. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, ал жүрөк оорусуна дуушар болгон. Бул боюнча УКМКда, саясатчынын адвокаты да маалымат бере элек.

Өмүрбек Бабанов 31-майда “Кумтөр” маселеси боюнча коррупцияга шектелип кармалып, 2-июнда Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.