Өмүрбек Бакиров: «Бакиев менен Акаев күнөөлүү эмес болсо, эл күнөөлүүбү?»

Апрель окуясында бийликтен куулган Курманбек Бакиев Дубайда болуп өткөн жолугушуу боюнча маек берди. Анда «2010-жылдын 7-апрелинде Бишкекте курман болгондордун өлүмүнө менин күнөөм такыр жок» дегени талкууга түштү. Эл учурда «анда ким күнөөлүү?» деп суроо салып турат. Депутаттар бул тууралуу кандай ойдо?

«Бакиев күнөөлүү болбосо, Акаев күнөөлүү болбосо, анда эл күнөөлүүбү? Ошол качып кеткен президенттин баары күнөөлүү. Мамлекет ушундай абалга туш келди. Акаевден баштап, баарын жоопко тартыш керек», — деди Өмүрбек Бакиров.