Бүгүн, 26-августта БШК мүчөлөрү бир добуштан Өмүрбек Бакировду каттоо боюнча токтомду жокко чыгарып, депутаттык күбөлүгүн жараксыз деп табышты. Буга мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу тууралуу соттун чечими негиз болуп берди.
Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыкканы тууралуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү органдарга сурам жөнөтүлгөнүн билдирди. Анын айтымында, БШКда азырынча бул процедура үчүн материалдар жетишсиз.
Буга чейин Жогорку Сот Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар бир мандаттуу округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди күчүндө калтырган эле.
2022-жылдын аягында Өмүрбек Бакировдун атаандашы болгон Равшан Рыспаев сотко шайлоодон утуп чыккан талапкерди мандатынан ажыратуу арызы менен кайрылган. Ошондон бери соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан эле.