Өмүрбек Бакиров иш бөлмөсүнөн чыгарылышы тууралуу: «Мен муну трагедия кылгым келбейт»

«Мен иш бөлмө, унаага эч качан жабышпайм. Элге иш бөлмөсүз деле кызмат кылса болот». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров «Политклиникага» берген маегинде айтты.

«Мен муну трагедия кылгым келбейт. Жума күнү менин буюмдарымды иш бөлмөдөн чыгарып салышыптыр. Менин жардамчылары ошол жерде жок болчу. Мага түшүнүксүз болуп калды. Биринчи күнү барып көрөм. Анан көрөбүз. Мен ал иш бөлмөдө 3 жылдан бери отурам. Октябрда өрттөп салгандан кийин ал бөлмөнү эч ким карабай койгон. Айлык чогултуп, оңдоо иштерин жүргүзгөнбүз. Ошондон кийин бөлмөнү мага катташкан. Бөлмөнү басып алган деген калп», — деди ал.