Өмүрбек Суваналиев: «Жетим-Тоо маселесинде 1-кезекте экологияны ойлошубуз керек»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы губернатор, генерал Өмүрбек Суваналиев маек берди. Ал Жетим-Тоо маселесинде биринчи кезекте экологияны ойлонушубуз керек дейт.

«Мен негизи 1995-жылы Жогорку Кеңешке депутат кезимден эле «Кумтөрдүн» иштетилишине каршы болуп келгенмин. Биз туризмди, жаңы технологияларды, демократияны өнүктүрүү менен деле жардам алып бутка тура алмакпыз. Президенттер Жетим-Тоо кенин иштетүү маселесине келгенде 1-кезекте экологияны, андан кийин гана экономикалык пайданы кароолору керек. Нарын облусуна губернатор болгондон бери айтып келе жатам, Жетим-Тоону казганда экологияны бузуп албайлы, ал жер суунун башы деп. Эгер экологияны сактай турган ыкманы колдонбосок ал кенди казбашыбыз керек»,- дейт Суваналиев.