Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Ал эми анын орун басары болуп Марип Туллаев дайындалды.
Суваналиев буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.