Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды

Өмүрбек Суваналиев өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Ал эми анын орун басары болуп Марип Туллаев дайындалды.

Суваналиев буга чейин Коопсуздук Кеңешинин катчысынын орун басары кызматын ээлеп келген.