Өмүрбек Суваналиев: «Садыр Жапаровдун президенттикке келе жаткан жолу — феноменалдык көрүнүш»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө маек берген саясатчы Өмүрбек Суваналиев Садыр Жапаровдун президенттик кызматка карай келе жаткан жолун «феноменалдык» деп атады.

«Садыр Жапаровдун баскан жолу, президенттикке кантип келе жатканы — феноменалдык көрүнүш. Жириновский да айтып жатпайбы… Тарыхта мындай болгон эмес, түрмөдөн чыгып, 10 күндүн ичинде президент болуп калуу. Дүйнөдө болгон эмес. Мындай ооматты бир да киши, бир да саясатчы колдон чыгарбайт. Ошолордун ичинде Садыр Жапаров дагы. Ал ушунчалык катуу кыйноолордон өттү. Көп кыйынчылыкты көргөн киши адилеттүүлүктү көздөп калат. Ошону эл да сезип, колдоп жатат», — дейт Суваналиев.