Өмүрбек Суваналиев: «Сох анклавына коридор берилбейт»

“Кыргызстан Өзбекстандын Сох анклавына коридор берет деген маалымат туура эмес. Кыргыз-өзбек өлкө башчылары жолугушканда пандемияга байланыштуу жабылып калган Кадамжай районундагы «Кайтпас» өткөрмө бекетин кайра ачуу, жандантуу боюнча гана макулдашкан”, — деп билдирди бүгүн, 14-мартта өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев журналисттерге.

“2020-жылдын март айынан бери Өзбекстандын Сох районуна өзбек жарандары бир гана «Кадамжай-автожол» бекети аркылуу гана өтүп турушкан. Президенттер сүйлөшкөн «Кайтпас» бекетин ачуу менен «Кадамжай-автожол» өткөрүү жайында жөө жүргүнчүлөрдүн каттоосу жеңилдейт жана Кадамжай шаарынан Чечме айылына чейинки калктуу конуштарды аралап өткөн чоң жолдо автоунаа тыгындары азаят. Аталган жайдан кошуна мамлекеттин жарандары мурдагыдай эле тартипте — документтери текшерилип, катталуу аркылуу өтөт. Кыргызстандын аймагына «Кайтпас» өткөрмө бекети аркылуу кирген Өзбекстандын жарандары «Өтүкчү» өткөрмө бекетинен кайрадан текшерүүдөн өтүп, Сох районуна киришет”, — деп айтылат маалыматта.

Аны менен катар облус бийлиги Сох анклавына аба каттамын ачуу боюнча маселеде Сох районун Өзбекстан менен байланыштырган чакан учактар учарын кошумчалады.

Ошондой эле Суваналиев азыркы учурда кыргыз-өзбек мамилесин чыңдоо, эки тараптуу кызматташууну жакшыртуу аракеттери жүрүп жаткандыгын айтып, жарандарды негизсиз тынчызданып, туура эмес коомдук пикир жаратпоого чакырды.

13-мартта президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек Садыр Жапаровдун Өзбекстандагы мамлекеттик сапарынын жыйынтыкталышы боюнча маалымат берген. Анда ал кыргыз өкмөтү өлкө аймагындагы Сох анклавына авиакаттам жана транспорт жолун ачууга даяр экенин, аталган анклавдын жашоочулары чек ара аркылуу эркин каттай ала турганын айткан. Ошондой эле Байтерек Өзбекстан Кыргызстанга буга чейин талаштуу аймак болуп келген Үңкүр-Тоо аймагын берүүгө даяр экенин да жарыялаган. Бирок бир нече убакыттан кийин Үңкүр-Тоо аймагы жана Сох анклавы боюнча тараткан маалымат президенттин сайтынан өчүрүлүп кайра өзгөртүлгөн маалымат коюлган. Жаңы маалыматта болсо кыргыз бийлиги Кыргызстандын аймагында жайгашкан Өзбекстандын Сох анклавына аба каттамдарын гана ачууга даяр экени айтылган. “Өзбек тарап Кыргызстанга ушул мезгилге чейин чек ара аймагынын тургундарынын ортосунда талаш жана тирешүүнү жаратып келген Үңкүр-Тоо талаштуу аймагын талап кылбоого даяр экендигин билдирди”, — деп берилген өзгөртүлгөн маалыматта.