Өмүрбек Суваналиев: «Сооронбай Жээнбековго айткам, сенин түбүңө Матраимов менен ОПГ жетет деп»

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинде 10-октябрга чейин иштеген, эл арасында «Комиссар Каттани» деген лакап ысым менен дагы таанымал саясатчы Өмүрбек Суваналиев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндө маек берди. Ал бүгүнкү күндө эл уюшкан кылмыштуулук жана коррупция менен макул болбойт, кабыл албайт деген пикирин билдирди.

«Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевдин байланышын Сооронбай Жээнбеков билчү. Бирок ал Алмазбек Атамбаев менен согушам деп булардын баары бир тарап, бир фронт болуп калышты. Болбосо ага чейин Атамбаев дагы, Жээнбеков дагы, Матраимов, уюшкан кылмыштуу топ дагы бир болчу. Алар Сооронбай Жээнбековду чогуу президенттикке алып келишти да? Анан жанагы криминалдык фильмдер сыяктуу териштирүү башталып, Атамбаевди түрмөгө отургузуп коюшту да тигилер таасирдүү болуп кетишти. Мен Коопсуздук кеңешинде иштеп жатканда Сооронбай Жээнбековго айткам, Райымбек Матраимов менен ОПГ түбүңө жетет деп. Бирок ал укпады. Матраимовго бийликти берем деди. «Мекеним Кыргызстан» Матраимов менен Камчы Көлбаевдин партиясы. Көлбаевдин «Табылга» партиясы менен «Мекеним Кыргызстан» баш кошподубу? Аны элдин баары билет. Аябай чоң 50 миллион долларга чейин акчаны шайлоого сарпташпадыбы?.. Анан Кудай сактады, 5-октябрда эл көтөрүлүп, бийлик алмашып кетти»,- дейт ал.