Өмүрбек Суваналиев: «Текебаев билип туруп Ташиевге милдет жүктөп койду»

«Саясий коктейль» берүүсүнө маек берген саясатчы Өмүрбек Суваналиев Садыр Жапаров эч кимди укпай, эч кимдин таасиринде калбай эл үчүн иштеп берем деген сөзүндө кетет. Эгер андай болбосо эл кай жагы «фальш» кай жагы чындык, бат эле билип алат деген пикирде.

«Негизи көп нерсе бийликтеги адамдын тегереги аркылуу чечилет. Өмүрбек Текебаев тажрыйбалуу саясатчы да. Ошонүчүн Жогорку Кеңешке келишкенде дос-секретарь атап, мен сага кайрылып жатам деп туруп Камчыбек Ташиевге милдет жүктөп койду. Бирок мен саясатты түшүнгөн адам катары айтайын. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаров чечимди өзү кабыл алат, өзү ишти алпарат»,- дейт Өмүрбек Суваналиев.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу көрө аласыз.