Өмүрбек Текебаев: «Бийликти тизгиндөөчүлөр — жарандык коом жана саясий конкуренция»

Биздин жарандык активисттер коомдун күн тартибин аныктап, бийликке көзөмөл жүргүзүп турат. Бул тууралуу саясатчы Өмүрбек Текебаев бүгүн, 7-майда билдирди.

Анын айтымында, жарандык коом бул байлык, ошол байлыкты көтөрмөлөп турушубуз керек.

«Биз 30 жылда жаңы коом түзө алдык. Кыргыз коому Орто Азияда эң эркин коом. Жарандар өзүнүн баркын билген намыстуу адамдар. Биздин жарандык активисттер коомдун күн тартибин аныктап, бийликке көзөмөл жүргүзүп турат. Орто Азияда бизден башка мындай эл жок. Бул биздин улуттук байлыгыбыз. Мына биз жеке бийлик орноткон жаңы Конституцияны кабыл алдык. Эл аралык институттар бул Конституцияда тизгин жок, бир жагына ооп кетиши мүмкүн деп ачык айтып жатышат. Бирок ошого карабастан Баш мыйзам кабыл алынды. Эл аралык институттар ушундай болгон күнү да, бийликти тизгиндөөчү мүмкүнчүлүктөр бар деп жатат. Бул сөз эркиндиги жана жарандык коом, саясий конкуренция. Өз позициясынан тайбаган, бетке айткан, эл үчүн күйгөн жарандар болушу керек. Мисалы, Баткендеги жаңжалда да жарандык коом агрессияга сес көрсөттү. Мына ошол байлыгыбызды жоготпостон, элди тизелетпестен, көтөрмөлөп турушубуз керек», — деди ал.