Өмүрбек Текебаев: “Бийликтин кемчилиги алар менен биргеликте болбогондорду коркуткандыгында”

Бүгүн, 28-ноябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмурбек Текебаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берди. Добуш берүү процедурасы аяктаган соң партия лидери бул жылы башка жылдарга салыштырмалуу тынч өтүп жаткандыгын билдирди.

“Буга чейин, өзгөчө былтыр болуп көрбөгөндөй тартип бузуулар болуп, партиялар добуштарды сатып алышып, баш аламандык жаралган. Бул баарыбызга сабак болду. Бул жылы бийликтегилер добушту сатып алууну минималдаштырууга аракет кылышты. Добуш сатып алууну бир күндө токтотуу кыйын. Бирок бийликтин кемчилиги алар менен биргеликте болбогондорду мамлекет башчысы баш болуп, УКМК төш болуп коркуткандыгында”, — дейт Өмүрбек Текебаев.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын лидери элди сүйрөп шайлоого алып келүү туура эместигин жана шайлоого келүү же келбөө алардын өз эрки экендигин айтты.