Өмүрбек Текебаев: «Эл ар дайым туура»

«Бизнесте айтып коюшат эмеспи, клиент всегда прав деп. Ошонун сыңарындай, эл ар дайым туура». Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүндөгү маегинде билдирди.

«Эл жаңылса дагы «туура, хоп» дешибиз керек. Акылмандык кылса дагы рахматыбызды айтышыбыз керек. Анткени саясий бийликтин табияты бул элдик ишеним. Эл кимге ишенет? Акылман Бакайгабы же бираз тентегирээк бирок баатыр кыял Манаскабы? Эл кимге ишенип ээрчий турганын өзү билет. Ошол эл ээрчиген адамга саясий бийлик өтөт. Бийликтин табияты ушундай», — дейт депутат.

Ошондой эле ал Садыр Жапаровдун 80 пайыздык жеңишин жеңди деп кабыл алуу керектигин, эл президенттик бийликтин бүт «прелестин» көргөндөн кийин туура эмес кылган экенбиз деп ойлонорун, бирок анда кеч болорун кошумчалады.

Маекти толугу менен шилтеме аркылуу табасыз.